Жалал-Абадда эки милиция кызматкери пара менен кармалды

Күч органдарынын маалыматына караганда, укук коргоочулар аялдан ага козголгон ишти токтотуу үчүн акча талап кылышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ала-Бука ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкери пара менен кармалгандыгын УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Участкалык милиция кызматкери М.Э.М. жана тергөөчү К.И.М. жергиликтүү А.Д.Н. аттуу жарандан кошуналары менен болгон жаңжалда денеге залал келтирүү фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн акча талап кылышкан.

Аялдын кайрылуусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

"2020-жылдын 18-январындагы ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте жасалган ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө 35 миң сом өлчөмүндөгү пара менен Ала-Бука районунун ИИБнин кызматкерлери кармалды", — деп жазылат билдирүүдө.

Кармалган эки кызматкер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.