Эки адамдын өмүрүн алган айланма жолдогу кырсыктын видеосу

Окуядан жети адам жабыркап ооруканага жаткырылган. Милиция эки унаа кандайча кагышып кеткенин тактап жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Instagram каналынын Oppa баракчасына айланма жолдо эки адамдын өмүрүн алган кырсыктын видеосу жарыяланды.

Окуя Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында саат 22.00дөр чамасында болгон.

Анда Volkswagen Jetta менен Toyota Avensis унаалары кагышып кеткен. Кырсыктын кесепетинен Volkswagen Jetta автосунун айдоочусу менен жүргүнчүсү каза тапкан. Дагы жети киши жаракат алган.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.