Радио

Оторов: жол эрежелери 60 пайызга өзгөрүшү мүмкүн

ИИМдин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Тилек Оторов жол кыймылынын эрежелери 1999-жылы расмий кабыл алынып, бүгүнкү күнгө чейин ар учурда ар кандай толукталып жана өзгөртүлүп келгенин айтты.
Sputnik
Оторов: жол эрежелери 60 пайызга өзгөрүшү мүмкүн

Учурда коомдук талкууда турган "Жол кыймылынын эрежелерин, унаа каражаттарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү боюнча жана кызмат адамдарынын милдеттеринин негизги жоболорун бекитүү жөнүндө" өкмөттүн долбоору кабыл алынса, жол эрежелери дээрлик 60 пайызга өзгөрөт. Бул тууралуу Тилек Оторов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жол кыймылынын эрежелерин иретке келтирүү, так жана ачык-айкын жоболорду бекитүү менен кырсыктардын санын кыскартуу максатында аталган долбоор демилгеленип жатат.

"Бүгүнкү күндө иштеп жаткан жол эрежелери 21 жыл мурда кабыл алынган. Бул убакыт аралыгында ага толуктоолор киргизилип, ар кандай өзгөртүлүп келди. Мындан улам жолдо жүрүү эрежелерин иретке келтирүү максатында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Алар жаңы жол эрежелерин иштеп чыгып, коомдук талкууга коюлду. Каалоочулар документ менен өкмөттүн сайтынан кенен тааныша алат жана өз сунуштарын калтырса болот. Жаңы долбоор кабыл алынып ишке ашса, жол эрежелери дээрлик 60 пайызга өзгөрөт. Анткени ага бир катар тактоолор менен кошумчалар киргизилип жатат. Мисалы, мурунку жол эрежесинде веложол, гироскутер, электросамокат деген сыяктуу түшүнүктөр болгон эмес. Жаңысында алардын баары камтылган", — деди Оторов.

Ал ошондой эле жаңы жол кыймылынын эрежелеринде жөө жүргүнчүнүн милдеттери менен айдоочулардын укуктары так көрсөтүлгөнүн кошумчалады.