Өзбекстан жаратылыш газын экспорттобой калышы мүмкүн. Себеби

Коңшу өлкөнүн өкмөтү 2020-жылдын соңуна чейин газ, электр жарыгын колдонуучуларга электрондук эсептегичтерди орнотот.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өзбекстан 2025-жылдан тарта жаратылыш газын экспорттоону токтотууну пландоодо. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.

Коңшу өлкө газды өз аймагында кайра иштетүүнү көздөп жатат. Мындай билдирүүнү премьер-министр Абдулла Арипов Өзбекстан либерал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин отурумунда билдирген.

"2025-жылы жаратылыш газын экспорттоону токтотуу, аны толугу менен өлкө ичинде кайра иштетүү жана өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн жогорулатуу үчүн аракеттер көрүлөт", — деди Арипов.

Кыргызстан менен Өзбекстанды эмне байланыштырып турат. Саресеп
Өкмөт башчысы 2020-жылдын соңуна чейин газ, электр жарыгын колдонуучуларга электрондук эсептегичтер орнотула тургандыгын айткан. Анын пикиринде, мындай аракеттер энергия ресурстарын аз пайдаланууга көмөктөшүп, төлөмдөргө байланыштуу көйгөйлөрдү чечет.

"Өзбекнефтегаз" акционердик коомунун расмий маалыматына ылайык, Өзбекстан 2019-жылы экспорттун көлөмүн 2018-жылга салыштырмалуу 15 пайызга көбөйтүүнү пландаган. Кытайга 10 миллиард куб метрдей газ, Россияга төрт миллиард куб метр жана калганы Борбор Азия өлкөлөрүнө кеткен.

"Өзбекнефтегаз" жылына 70 миллиард куб метр газ, сегиз миллион тонна суюк көмүрсуутек менен камсыздай алат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан дагы Өзбекстандын газын колдонот.