Казакстандык киши шыргалаң сууда 40 мүнөт туруп рекорд койду

Рекорд койгон киши 12 жылдан бери жайы-кышы дебей кыска жеңдүү кийим жана жука шым менен жүрүп, спорт менен машыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Нур-Султан шаарынын жашоочусу Кайырбек Аяшев шыргалаң сууга түшүү боюнча Казакстанда рекорд койгонун Sputnik Казакстан жазды.

Ага ылайык, 40 жаштагы киши 12 жылдан бери жайы-кышы дебей кыска жеңдүү кийим жана жука шым менен жүрөт. 

Казакстандык киши шыргалаң сууда 40 мүнөт туруп рекорд койду
"Мени морж деп атоо туура эмес, себеби кышкысын сууда сүзүү менен алектенбайм. Шыргалаң сууга жылына бир жолу, чокундуруу жөрөлгөсү убагында түшөм. Диний адамдарга тоскоолдук жаратсам кечирим сурайм", — деген Аяшев.

Тайып барып бутун кайрыды! 11 секундада жеңишке жеткен мушкер рекорд койду
Ал түшкөн Есиль дарыясынын температурасы -2 градустай экендиги айтылат. Мындан тышкары, суунун агымы адам өмүрүнө кооптуу экени белгиленет. Шаарда муздак сууга түшөм дегендерге түбү жыгачтан жасалган темир торду коюп беришкен.

Шыргалаң сууга түшүү боюнча дүйнөлүк рекордду россиялык Дмитрий Балабанов 2012-жылы 24-мартта койгон. Ал таштай муздак сууда эки саат кармалган.