БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik.Numbeo статистикалык порталынын эксперттери дүйнө жүзүндөгү эң кымбат шаарлардын рейтингин түзүп, анын катарына Бишкекти да киргизди.
Жашоо-шарты кымбат калаа делген тизмеге 440 шаар кирген. Рейтингдин алдыңкы бештигинде Швейцария өлкөсүнүн Цюрих, Базель, Лозанна, Женева жана Берн шаарлары турары белгилүү болду.
Москва шаары 251-сапка чыгып, Россия шаарларынын ичинен эң кымбаты деп табылды.
Борбор Азия өлкөлөрү бул тизменин арт жагынан орун алган. Алсак, Казакстандын борбору Нур-Султан 386, Алматы 289-орунда турат.
Ал эми Бишкек 410-сапты ээлеген, Ташкент Кыргызстандын борбор калаасынан арзаныраак бааланып, 413-орунга татыган.
Эксперттердин айтымында, жашоо наркынын индекси дүкөндөрдөгү, ресторандардагы бааларды, коомдук транспорттун жол киресин, коммуналдык кызматтарга кетчү чыгымдарды жана калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө карап чыгарылган.