Планетанын эң бай адамы Жефф Безос рейтингдин экинчи сабына түшүп калды

Безостун компаниясынын баасы 760 миллион долларга түштү. Жума күнү анын акциясы 0,7 пайызга төмөндөп 115,6 миллиард долларды түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Amazon компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос дүйнөдөгү эң бай адам болбой калды, анын ордун Louis Vuitton жана Dior компаниясынын ээси Бернар Арно ээледи. Бул тууралуу Fоrbes журналы жазды.

Эң ири Amazon компаниясынын баасы 760 миллион долларга түшүп кетти. Жума күнү анын акциясы 0,7 пайызга төмөндөп 115,6 миллиард долларды түздү.

Аялы менен ажырашам деп... Forbes 2019-жылы иши жүрбөгөн миллиардерлерди атады
Ошентип LVMH француз компаниясынын башчысы Бернар Арно жер бетиндеги эң бай адам болуп калды. Жума күнү анын компаниясынын акциясы 0,7 пайызга кымбаттап, Арнонун байлыгы 1,9 миллиардга жогорулаган. Каражатынын жалпы суммасы 117 миллиард долларга жетти.

Мындай учур өткөн жылдын декабрь айында да катталган. Анда эки миллиардердин байлыгынын айырмачылыгы эки миллиард доллар болгон. Forbes басылмасы жакынкы аралыкта эки бизнесмен көпкө чейин биринчи орун үчүн ат салыша турганын болжолдоодо.

Ал эми үчүнчү орунда Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс турат. Анын байлыгы 110,6 миллиард долларга бааланууда. Гейтс 35 миллиард долларын кайрымдуулукка жумшабаганда Арно менен Безостон да бай болмок.