Айланма жолдо эки унаа кагышып, бир киши каза тапты

Жол кырсыгы Бишкек — Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында, саат 22.00дөр чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Айланма жолдо унаалар кагышып, бир адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Бишкекте бус менен "Жигули" кагышып, 3 адам каза болду. Үрөй учурган сүрөттөр
Жол кырсыгы Бишкек — Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында, саат 22.00дөр чамасында болгон.

Маалыматка караганда, эки жеңил унаа кагышып кетип, бир адам каза тапкан. Дагы төрт киши жаракат алган. Жеринде ыкчам тергөө тобу иштеп жатат.
Милиция окуянын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.