Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр: кармалгандардын экөө үй камагына чыгарылды

10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, анда тажик тараптан ок атылганы кабарланган. 11-январь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылында "Массалык башаламандык" жана "Ээнбаштык" беренелери боюнча шектүү катары төрт киши кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Баткен районунун Көк-Таш айылында чыккан массалык башаламандыкка шектелип кармалган төрт жарандын экөөнү облустук сот үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Баткен облустук сотунун маалымат катчысы Манас Сейтказиев билдирди.

Маалыматка ылайык, Кадамжай райондук соту Жазык кодексинин 264-беренесинин 2-бөлүмү ("Массалык башаламандыкка катышуу") боюнча шектелген Улукбек Сапарбаев менен Үсөн Сапарбаевди үй камагына чыгарган. Сот Үсөн Сапарбаевдин 2-топтогу майыптыгын, Улукбек Сапарбаевдин беш баланын атасы, үй-бүлөдөгү камкорчу экенин эске алган.

Чек ара боюнча бишкектиктер да митингге чыгышты. Сүрөттөр
Ал эми Жазык кодексинин 264-беренесинин 1-бөлүмү ("Массалык башаламандыкты уюштуруу"), 253-беренесинин 1-бөлүмү ("Ок атуучу куралды мыйзамсыз алып жүрүү") менен шек саналган Зайнидин Бердиев менен Нурбек Сапарбаев эки айга камакта калтырылды.

Эске сала кетсек, 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, анда тажик тараптан ок атылганы кабарланган. 11-январь күнү кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан улам Баткен районунун Көк-Таш айылында "Массалык башаламандык" жана "Ээнбаштык" беренелери боюнча шектүү катары төрт киши кармалган.