Мэрия: "Ататүрк" паркындагы "шайтан дөңгөлөк" алынат

Бишкектин "Ататүрк" сейил багындагы аттракциондор эскилиги жетти. Эми жаңысын орнотуу үчүн тендер жарыяланат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. "Ататүрк" паркындагы "шайтан дөңгөлөк" алынат. Бул тууралуу шаар мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова кабарлады.

Буга чейин аталган сейил бакта бир нече аттракцион алынып жатканы айтылган эле.

Алмамбетованын маалыматына караганда, кезек "шайтан дөңгөлөккө" жетти.

"Аттракциондун конструкциясы абдан эскирип, кооптуу болуп калды. Атургай шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда. Ошондуктан алып салуу чечими кабыл алынды. Эскирген 28 аттракцион жок кылынгандан кийин жаңыларын орнотуу үчүн тендер жарыяланат", — деди Алмамбетова.

Бишкек мэриясы 10 млн. сомго беш самосвал алмакчы
Ал кошумчалагандай, мэрия көңүл ачуу жайларындагы коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда.

"Бул максатта былтыр Панфилов паркындагы аттракциондор жаңыланды. Баса, бул парктын ижара мөөнөтү аяктагандыктан, муниципалитет аны өзүнө кайтарып алганы жатат", — деди кеңешчи.

2019-жылы мэрия жалпысынан 2 659 объектини жок кылды. Анын ичинде капиталдык жана жеңил курулуштар, рекламалык конструкциялар бар.