Айрым адамдар үйлөрүндө 10дон ашуун ит, 20дай мышык баккан учурлар болот. Коңшулардан арыз түшкөндө, барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жаныбарлардын ден соолугун текшерип, белгиленген убакыттын ичинде багып алууну каалагандарга таратып берүүсүн сунуштайбыз. Бул тууралуу Жамалбек Чынкожоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, пародалуу иттерди баккан айрым шаардыктар жаныбарларын убагында дарыгерге текшертип, эрежелерди так, туура аткарышат.
"Шаарыбыздагы ветеринардык ооруканаларга түшкөн ит, мышыктарга жараша жылына канча жаныбар бычылды, кандай илдет менен ооруп келишти, кайсынысы адамдар үчүн кооптуу экенин аныктап турабыз. Биз бул багытта Санэпидемстанция менен тыгыз иш алып барабыз. Ар бир район жашоочуларына, мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Малдан адамдарга эхинококкоз, бруцеллёз оорулары жугат эмеспи. Аталган илдеттерге каршы таблетка алган иттерге сары түстөгү каргы тактырып жатабыз. Эгер иттин моюнунда андай каргы жок болсо, демек ветеринардын көзөмөлүнөн өтпөгөнүн билдирет. Негизи ит, мышыктарды жылына төрт жолу эхинококкозго, бир жолу кутурмага каршы эмдөөдөн өткөрүп, ооруларга каршы дары таратабыз. Ээлерине паспорт да берилип, анда жаныбар тууралуу болгон маалымат жазылат. Бизде DOGs деген иттердин маалымат базасы да бар", — деди Чынкожоев.
Ал борбор калаада бир нече базарларда сатылган сүттөрдү да бруцеллёзго текшерип турушарын кошумчалады.