Бишкекте бус менен "Жигули" кагышып, 3 адам каза болду. Үрөй учурган сүрөттөр

Окуя Элебесов жана Тульский көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 18-январда, саат 18.30дар чамасында болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекте Mitsubishi үлгүсүндөгү бус менен "Жигули" автоунаасы кагышып, үч адам каза болду.

Бишкекте бус менен "Жигули" кагышып, 3 адам каза болду. Үрөй учурган сүрөттөр

Кырсык тууралуу күбө "Бишкек Сегодня" Telegram каналына билдирген.

Маалыматты Кайгуул милициясы тастыктап, окуя Элебесов жана Тульский көчөлөрүнүн кесилишинде бүгүн, 18-январда, саат 18.30дар чамасында болгонун кабарлады. Жеринде укук коргоо органдары иш алып барууда. Кырсыктын чоо-жайы тууралуу кийинчерээк маалымат берилет.

Бишкекте бус менен "Жигули" кагышып, 3 адам каза болду. Үрөй учурган сүрөттөр

Ал эми Тез жардам кызматынын маалымат борбору үч адам мерт болгонун ырастады. Дагы бир адам жаракат алган.