Бишкекке популярдуу "Виа Гра" тобу концерт коюп келет

Атагы алыска кеткен россиялык топтун курамында ырчылар Ольга Меганская, Эрика Герцег жана Ульяна Синецкая бар.
Sputnik

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Бишкекке россиялык популярдуу "Виа Гра" тобунун ырчылары келет.

8-февралда боло турган концерт тууралуу социалдык тармактарга чыккан маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган топтун пиар өкүлү Дарья Дубова тастыктады. Концерт борбор калаадагы көңүл ачуучу жайлардын биринде өтөт.

"8-февралда эстрадалык топ Бишкекке барары тууралуу маалыматты тастыктайбыз. Топтун курамында Ольга Меганская, Эрика Герцег жана Ульяна Синецкая бар", — деди Дубова.

Ал ырчылардын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү же күйөрмөндар менен жолугушуусу боюнча маселе каралып жатканын да кошумчалады.

Аталган популярдуу топ 2000-жылы түзүлгөн. Андан бери курамы бир нече ирет өзгөргөн. Бул убакыт аралыгында музыка сүйүүчүлөрүнө ондогон ыр арналып, отуздан ашуун клип тартылган. Долбоордун башкы продюсери — Константин Меладзе.