Sputnik тарткан видео Бекмамбетовдун сайтындагы мыкты роликтерге кирди

Тимур Бекмамбетов видеонун Screenlifer форматын жайылтуу менен алектенет. Дал ушул стилде Sputnik жаңы жылдык корпоративден ролик тарткан.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Sputnik агенттигинин Жаңы жыл менен куттуктаган screenlife форматындагы видеосу режиссер Тимур Бекмамбетовдун сайтында жума ичиндеги мыкты роликтерди аныктаган топтомуна кирди.

"Sputnik маалымат агенттигинин журналисттери screenlife форматындагы идеяны жактырып, жаңы жылдык ролик жасашты. Sputnik редакциясы ар кайсы өлкөдөгү кесиптештерин куттуктап, хор менен 20 жыл мурда жазылган "Дискотека Авария" тобунун "Жаңы жылдык" ("Новогодняя") аталышындагы ырын аткарышкан", — деп жазган портал.

Sputnik агенттигинен тышкары, топтомго Netflix сериалынын тизери, москвалык режиссер Настасья Симбирцеванын видеосу, электрондук отчет сервисинин колдоо кызматынын корпоративдик клиби менен куудул Илья Соболевдин шоусу кирген.

Screenlife — видеонун жаңы форматы. Колдонуучу андан телефон, компьютер же башка девайстын экранында эмне болуп жатканын көрө алат.

Тимур Бекмамбетов видеонун аталган түрүн жайылтып, Screenlifer аталышындагы сайт ачкан.