Лавров: Sputnik Эстониянын айланасындагы абал Евробиримдикке көө жапты

Декабрда Sputnik Эстония редакциясынын кызматкерлери Полиция департаментинен "Россия бүгүн" эл аралык агенттик менен иш келишимин бузбаса, кылмыш ишин козгоо боюнча билдирүүлөрдү алган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Sputnik Эстониянын айланасындагы абал боюнча Евробиримдиктин эч нерсе кылбай отурганы беделине доо кетирет. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Сергей Лавров жыл сайын өтчү маалымат жыйында билдирди

"Sputnik агенттигине жасалган мамиленин өзү нааразылыкты жаратат. Күн сайын ЕККУдан талап кылып келебиз. Европа кеңеши гана бир нерсе дегендей болду. Европанын коргоп, жайылтып келе жаткан баалуулуктарына Евробиримдиктин мүчөлөрү каршы чыгып жатканына көңүлүн буруп келебиз. ЕБдин эч нерсе кылбай отурганы — биримдиктин беделине так түшүрөт. Мындай тактарды көп эле көрдүк", — деди Лавров.

Sputnik Эстониянын айланасындагы кырдаал

Эстония жашоочулары: Sputnik агенттигинин ишмердүүлүгүнүн токтотулушу — цензура
Декабрда Sputnik Эстония редакциясынын кызматкерлери Полиция департаментинен "Россия бүгүн" эл аралык агенттик менен иш келишимин бузбаса, кылмыш ишин козгоо боюнча билдирүүлөрдү алган. Мындай аракетин Таллин Евробиримдиктин 2014-жылы март айында киргизген санкциялары менен түшүндүргөн. Тизмеде "Россия бүгүн" агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселевдун болгону менен агенттиктин өзү тууралуу айтылган эмес.

Натыйжада журналисттер 1-январдан тарта "Россия бүгүн" эл аралык агенттиги менен келишимин токтотуп, Sputnik Эстония сайты өзгөчө кырдаал режимине өткөн.