Жол эрежесин бузгандар убактылуу айып төлөбөй турган болду. Себеби

Үстүбүздөгү жылдын 15-январында Сооронбай Жээнбеков жол кыймылынын бир нече эрежесин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Буга байланыштуу техникалык иштер жүрүп жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жол эрежесин бузгандардын айып пулун кабыл алуу техникалык себептерге байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул туурасында Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен билдиришти.

Билип алыңыз! Чүйдө жол инспекторлору жаңыча иштей баштады
Белгилей кетсек, ушул жылдын 15-январында Сооронбай Жээнбеков жол кыймылынын бир нече эрежесин бузуу боюнча айып пулдун көлөмүн азайтуу жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Буга байланыштуу "Коопсуз шаар" долбоорунун техникалык операторлорунун адистери айып пулдун төлөмүн кабыл алуу боюнча системасында өзгөртүү иштерин жүргүзүп жатканы айтылат.

Төлөм 19-январдан тарта кабыл алынып баштайт.

Эске сала кетсек, төмөнкү эрежелер бузулса айып пулдун көлөмү 3000 сомдон 1000 сомго чейин төмөндөтүлөт:

  • жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;
  • жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймылдын тилкесине чыгуу менен кууп өтүү, же болбосо манёвр жасоо эрежелерин бузууларды кошпогондо);
  • токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;
  • коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;
  • светофордун тыюу салуучу сигналы же жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;
  • каршы кыймыл тилкесине чыкпай туруп кууп өтүү же манёвр жасоо эрежелерин бузуу;
  • тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу (бардык механикалык транспорт каражаттарына сутканын жарык убагында калктуу конуштардан тышкары жерлерде фаранын жандырылган жакын жарыгы менен жүрүү талаптарын кошпогондо).