Кыргызстанга акча которуулар 290 млн. долларга кыскарды

Улуттук банк Кыргызстанга мигранттардын өткөн жылдын январь-ноябрь айына карата акча которууларынын маалыматын жарыялады.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанга акча которуунун саны 2018-жылга салыштырмалуу 287,4 миллион долларга кыскарганын Улуттук банк кабарлады.

Россиядан Кыргызстанга документсиз 150 миң рублга чейин которууга жол ачылды
Билдирүүгө ылайык, бул маалымат жеке адамдардын атайын система аркылуу акча которууларына гана тийиштүү.

2019-жылдын январынан баштап ноябрына чейин бул көрсөткүч 2 миллиард 192 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2018-жылдын ошол эле мезгилинде өлкөгө 2 миллиард 479,4 миллион доллар которулган.

Акчанын басымдуу бөлүгү Россиядан жиберилип, ал 2 миллиард 479,4 миллион долларды түзсө, экинчи орунда 28 миллион доллар менен АКШ турат.