Бишкек мэриясы 10 млн. сомго беш самосвал алмакчы

Борбордук муниципалитет транспорт сатып алууга тендер жарыялап, самосвал боюнча техникалык талаптарын сайтына чыгарды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы беш самосвал сатып алууну пландап жаткандыгын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ушу тапта тендер жарыяланды. Шаардык бюджеттен техника үчүн 9 миллион 975 миң сом каралган. Талаптарын мэриянын сайтынан билүүгө болот.

Тендерге катышууга арыздарды кабыл алуу 2020-жылдын 5-февралына чейин созулат.