БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин мурдагы өкмөт башчы Дмитрий Медведевди Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары кылып дайындады. Тиешелүү жарлык Кремлдин сайтында жарыяланган.
"Президенттик жана өкмөттүк блок бар. Адатта өлкө башчы бардыгына жооп берет эмеспи. Бирок анын биринчи кезектеги иши коопсуздук жана ага байланышкан маселелер болуп эсептелет", — деген Путин.
Өлкө башчысы Медведевди ушул суроолор боюнча иш алып баруусун суранган.
Россиянын Федерация кеңешинин эл аралык комитетинин биринчи орун басары Владимир Жабаровдун пикиринде, Путин Коопсуздук кеңештин төрагасы болгондуктан, Медведев вице-президент сыяктуу иш алып барат.
Көп өтпөй президент Владимир Путин премьер-министр кызматына Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштап, аны Мамлекеттик Думанын кароосуна жөнөткөн.
Бүгүн, 16-январда, Мамдума Мишустиндин талапкерлигин жактырып, Путин аны премьер-министр кылып дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.