Эл өкүлү мындан бир ай мурун төраганын кызматын тапшыруу боюнча жөнөткөн сунушу азыркыга чейин фракциянын жыйынында карала электигин билдирди. Ошондой эле ал Франкфурт-на-Майне шаарынын аталышын туура эмес айтканы сынга аларлык көрүнүш эместигин айтып, Жумабековдун башка аракеттери парламенттин беделин түшүрүп жатканын белгиледи.
"Кыргыз болгону үчүн айрым орусча сөздөрдү туура эмес сүйлөсө эч качан күлбөш керек. Мен анын отставкасын башка маселе боюнча сунуштадым. Төрага эл аралык форумдарда жасаган докладын маани-маңызын түшүнбөй эле окуп жатат. Бүгүнкү күндө депутаттар көп сын угуп жатат, мында төраганын түздөн-түз жоопкерчилиги бар. Жыйынды туура алып барып, өкмөт менен мамилебизди тартипке алып келгенде буга жетпейт болчу", — деди Масалиев.
Эл өкүлү фракциянын жыйыны качан болору азырынча белгисиз экенин кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун тилинен жаңылышы социалдык тармактарда катуу талкууга алынып келет. Анын Казакстанга болгон иш сапарында окуган доклады да сынга кабылган. Парламенттин жыйынында Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарын эки жолу туура эмес айтып алган.
Жумабеков 2017-жылдын 25-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.