Тыныбекова Италиядагы турнирдин финалына чыкты

Ата мекендик спортчу 62 килограмм салмак категориясында күч сынашып жатат. Ал финалга чыгыш үчүн америкалык спортчу менен беттешти.
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Италияда өтүп жаткан күрөш боюнча Matteo Pellicone эл аралык турниринин финалына чыкты.

Ата мекендик спортчу 62 килограмм салмак категориясында күч сынашып жатат. Биринчи кармашта кытайлык каршылашы Жи Лонгду убакыт бүтөрүнө 10 секунд калганда жеңип алган. Беттеш 6:6 эсеби менен жыйынтыкталган, бирок акыркы ыкманы Тыныбекова жасагандыктан жеңиш ага ыйгарылды.

Айсулуу Тыныбекова жөнүндө тартылган даректүү тасманын трейлери чыкты
Тыныбекова чейрек финалда 2019-жылы өспүрүмдөр арасында дүйнөнүн вице-чемпиону болгон америкалык Мэйси Эллен Килти менен кез келип, 10:0 эсебинде жеңишке жетти.

Ал эми финалга чыгыш үчүн кыргызстандык спортчу дагы бир АКШлык балбан Кайла Коллин Миракл менен күч сынашты. Кармаш биринчи кругда эле аяктады, себеби Айсулуу каршылашынын далысын жерге тийгизип жеңип алды.

Финалдык беттеште дүйнө чемпиону россиялык Любовь Овчарова менен алтын үчүн беттешет (Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө).