"Франкфурт-на-Маяне". Дастан Жумабеков тилинен жаңылды. Мурунку, кийинки видеолору

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Германиядагы шаардын атын кайрадан туура эмес айтып алды.
Sputnik

Төрага Франкфурт-на-Майне деген шаардын атын бул ирет "Франкфурт-на-Маяне" деп окуду.

Элди күлдүргөн жана кыжырын келтирген депутаттардын жоругу. Видеолор топтому
Жумабеков бүгүн парламенттин жалпы жыйынында 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун окуган.

Эскерте кетсек, буга чейин төрага "Франкфурт жана Маяне" деп айтып алып коомчулуктун сынына кабылган.