Дача СУдагы авиакырсык: Жээнбеков жакындарын жоготкон балдар менен жолукту

Президент жакындарынын коштоосунда келген балдарга эстелик катары китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 16-январында Сокулук районундагы Дача СУ айылында учактын кыйрашынын кесепетинен жакындарын жоготкон балдар менен жолукту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчы кырсыктын кесепетинен ондогон жарандардын, алардын ичинде жаш балдардын курман болушу бүткүл кыргыз эли үчүн трагедиялуу окуя болгонун кайгыруу менен белгиледи.

"Президент тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан алардын социалдык-тиричилик маселелерин чечүүгө дайым көңүл бурулуп турарын убадалады", — дешти аппараттан.

Курман болгондордун жакындары президентке ыраазычылык билдирип, көйгөйлөрү тууралуу айтып беришкен.

Бала кучактаган эне ак жууркан алдында жатыптыр. Куткаруучу Дастан менен маек
Жолугушуунун соңунда Жээнбеков балдарга эстелик катары китептерди жана электрондук планшеттерди тапшырды.

Белгилей кетсек, президент менен жолугушууга Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурланов, Эрлан Шаршенбеков жана Сайкал Карыпбаева жакындарынын коштоосунда келди.

Эске салсак, 2017-жылдын 16-январында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылына таңга жуук жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Анын 35и жергиликтүү тургун болсо, төртөө чет өлкөлүк учкучтар болчу.