Австралиянын экономикасы өрттөн канча зыян тартканы айтылды

Адистердин эсебинде тилсиз жоонун кесепетинен Австралия 3,5 миллиард АКШ долларына барабар зыян тарткан. Көбүнчө залака туризм менен айыл чарбасына тийген.
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Австралиядагы Westpac Banking Corporation алдыңкы банкынын өкүлдөрү токойдогу ири өрттөн мамлекеттин экономикасына канча чыгаша алып келгенин эсептеп чыкканын Sputnik радиосу жазды.

Өрттөнгөн, ис урган, жабыркаган жаныбарлар. Австралиядагы алааматтын 18 сүрөтү
Адистердин эсебинде тилсиз жоонун кесепетинен Австралия 3,5 миллиард АКШ долларына барабар зыян тарткан. Көбүнчө залака туризм менен айыл чарбасына тийген.

Банк кызматкерлери өрттөн мамлекеттин ички дүң продукциясы 0,5 пайызга кыскара турганын боолголошту.

Учурда Westpac банкына камсыздандыруу маселеси менен 10 миңден ашык адам кайрылганы айтылат.

Эске салсак, Жаңы Түштүк Уэльс штатында 2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрттөн миллиондогон гектар жер күйүп, миңдеген турак жай өрттөнүп кеткен. Кырсыктан миллиарддан ашык жан-жаныбар өлгөн.