Апрель революциясына карата бир нече сынактар жарыяланды. Бул тууралуу Кыял Тажиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфирине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, реквием, поэзия, драма, логотип жана видеороликтер боюнча сынактарга акчалай байгелер коюлган.
"Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» деп коет го. Кыргыз тарыхында 7-апрель кара тамга менен жазылып калганы өкүнүчтүү, ошол эле учурда сыймыктануу менен эскеришибиз керек. Ошондуктан 2020-жылы Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата атайын иш-чараларды өткөрүү пландалган. Анын алкагында бир нече сынактарды жарыялоо боюнча маданият, маалымат жана туризм министринин буйругу чыккан. Мына ушул багытта иш алып барып, Апрель баатырларына арнап реквием тартуулоону максат кылганбыз. Анын музыкасын, сөзүн жазууга композитор, акындардын ортосунда, ошондой эле драмаларга жана видеороликтер, логотип боюнча дагы сынак жарыяланган", — деди Тажиева.
Ошондой эле ал сынактардын жыйынтыкталчу убактысы ар кандай экендигин белгилеп, катышуучу эмгектер буга чейин эч жерде жарыяланбашы керектигин кошумчалады.