Айсулуу Тыныбекова кайрадан эл аралык турнирге катышып жатат

Бул күндөрү Италияда Бириккен күрөш дүйнөсүнүн олимпиада сезонундагы биринчи турнири өтүп жатат. Тыныбекова алгачкы кармашын жеңип алды.
Sputnik

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Римде өтүп жаткан (Италия) Matteo Pellicone — Бириккен күрөш дүйнөсүнүн олимпиада сезонундагы биринчи мелдешине катышып жатат.

Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Стамбулдагы мелдештен алтын утту. Видео
Спортчу бир нече күн мурун эле Түркияда өткөн эл аралык турнирге катышып биринчи орунду алган.

Италияда 15-январда башталган турнир 18-январга чейин созулат. Ага Кыргызстандын атынан Тыныбековадан сырткары, Нураида Анаркулова менен Айпери Медет кызы катышууда.

Айсулуу 62 килограмм салмактагы категория боюнча килемге чыгып, биринчи кармашында кытайлык Жи Лонгду жеңип алды. Беттеш 6:6 менен жыйынтыкталган, бирок акыркы ыкманы Тыныбекова жасагандыктан жеңиш ага ыйгарылды.