ИИМ: үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги себеби ичимдик болуп жатат

Депутат Дастан Бекешев үй-бүлөдөгү зомбулукка эмне себеп болуп жатканына кызыгып суроо салды. ИИМдин маалыматына караганда, чыр-чатак көбүнчө ичимдикке байланыштуу чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстанда үй-бүлө мүчөлөрүнө зомбулук көрсөткөндөрдүн көбү мас абалында болгон. Бул туурасында парламенттин жыйынында ички иштер министринин орун басары Памир Асанов билдирди.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев үй-бүлөдөгү зомбулукка эмне себеп болуп жатканына кызыгып, суроо салган.

"Зомбулукка үй-бүлөлүк шарт, өз ара түшүнбөстүк, пикир келишпестиктен чыккан жаңжал себеп болууда. Ошондой эле мас абалында зомбулук көрсөткөндөрдүн саны арбын, мисалы, 2019-жылы 4272 факты катталды. Жалпы жонунан 8159 арыз түшүп, анын ичинен 554ү сотко жөнөтүлгөн. Ал эми 7045 иш тосмо арыздын негизинде кыскартылган", — деди Асанов.

Белгилей кетсек, бүгүн парламентте "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" сунушталган мыйзамдын долбоору каралууда.