Инспекция жалпы республика боюнча мал кармоо эрежесин иштеп чыгып, Жогорку Кеңештин кароосуна коюп жатат. Бул тууралуу Шамен Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көп кабаттуу үйлөрдө эки айга чейинки күчүгү бар бир итти жана бир жарым айга чейинки мыймыйы бар эки мышыкты кармоого уруксат берилет.
"Бишкек шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын үч бөлүмү бар. Биз жаныбарлардын ден соолугун көзөмөлдөө, тамак-аш коопсуздугу жана фитосанитардык көзөмөл бөлүмдөрү боюнча иш алып барабыз. 2002-жылкы мал кармоо эрежеси эскиргендиктен, ветеринарлар, жергиликтүү башкармалыктын адистери, ички иштер башкармалыгындагы кызматкерлер, жаныбарларды коргоочу уюмдар болуп, баш-аягы 50гө жакын адам жаңы эрежелерди иштеп чыктык. Шаарыбызда адамдар бир нече ит, мышык багып алып, кайра көчөгө таштап салып жатышканы негизги маселе болууда. Ошол эле Москва, Ташкент шаарларында да ушундай көйгөй бар экен. Жаңы эрежелерди жалпы талкууга койдук, шаардык кеңеш бекитип берсе, жогорудагы маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Алсак, жаңы эреже боюнча Бишкектин түштүгүндөгү — Чүй каналынан бери, түндүк тараптан — Масалиев, Токомбаев, Түштүк магистраль, чыгыш тараптан — Курманжан датка, 7- Апрель көчөсү, батыштан — Фучик, Тыналиев көчөсүнөн берки аймактарда азык-түлүк берүүчү жаныбарларды кармоого тыюу салынат", — деди Сыдыков.
Ал жаңы эрежеде мал багууга тыюу салынган территориялар кеңейтилип, жаныбарлардын заңын жок кылуу боюнча тартипке өзгөрүүлөр кирип, кошуналар ортосундагы аралык так көрсөтүлүп, сейилдетүүдөгү эрежелерге чектөө киргизилгенин кошумчалады.