Видеону New York Times гезити жарыялады. Басылманын маалыматына караганда, аталган кадрларды Ирандын интернет колдонуучусу 14-январга караган түнү чыгарган. Биринин артынан бири кое берилген ракеталардын соккусунан кийин учак күйө баштаган.
Видеого Ирандын бийлиги эч кандай түшүндүрмө бере элек. Бирок Fars агенттигине таянуу менен Reuters Ислам революциясын колдоочулар корпусу видеону чыгарган адамды кармап кеткенин жазып чыкты.
Каргашанын чоо-жайы
Ишемби күнү Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышты. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектисинин жанынан учуп бараткандыктан "АКШнын учагы" катары атып түшүрүлгөн.
Украина президенти Владимир Зеленский Тегерандан расмий кечирим суроосун, күнөөлүүлөрдүн жазаланышын жана компенсация төлөп беришин күтүп жатканын айтты.