Путин Медведевдин ордуна талапкер сунуштады

Бүгүн, 15-январда, Россиянын Дмитрий Медведев жетектеген өкмөтү отставкага кетти. Көпчүлүк үчүн бул күтүүсүз чечим болду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин премьер-министрдин кызматына Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады. Бул тууралуу Кремлге шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Владимир Путин Михаил Мишустин менен кызматтык жолугушуу өткөрүп, өкмөт башчылыкты сунуштады. Анын макулдугун алган соң талапкерлик тууралуу сунуш Мамлекеттик Думанын кароосуна жөнөтүлдү”, — деп айтылат макалада.

Эске салсак, бүгүн, 15-январда, Россиянын Дмитрий Медведев жетектеген өкмөтү отставкага кетти. Бул кадамын Медведев Путиндин демилгеси менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык өкмөт президенттин тийиштүү чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берүү тилеги менен түшүндүрдү.