Путин премьерликке сунуштаган талапкер. Михаил Мишустин жөнүндө эмне белгилүү

Россия президенти Владимир Путин өкмөт башчылыкка Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштады.
Sputnik

Ал эми Дмитрий Медведев командасы менен отставкага кеткен.

Михаил Владимирович Мишустин 1966-жылдын 3-мартында Москва шаарында туулган.

Москвадагы "СТАНКИН" мамлекеттик техникалык окуу жайын “автоматташкан долбоорлор системасы” адистиги боюнча бүтүргөн. Кийин ошол эле университетте аспирантура бөлүмүн аяктаган. Экономика илимдеринин доктору.

Эмгек жолу:

  • 1992-1995 — Эл аралык компьютердик клубдун тесттик лабораториясынын директору;
  • 1995-1996 — Эл аралык компьютердик клубдун башкы директорунун орун басары;
  • 1998 — Россиянын Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары;
  • 1999-2004 — Россия Федерациясынын салык жана жыйымдар боюнча министринин орун басары;
  • 2004-2006 — Кыймылсыз мүлк объектилеринин нарк каттам агенттигинин жетекчиси;
  • 2007-2008 — Өзгөчө экономикалык аймактарды башкаруу боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси;
  • 2008 — Активдерди башкаруу, түз инвестиция жана инвестициялык фонддорду Deutsche Bank менен биргеликте башкарган UFG компаниялар тобунун жетекчиси;
  • 2010-жылдан тарта Федералдык салык кызматынын башчысы.