Кыргызстандыктар автоунаасын жана айып пулун 2,5 млн. жолу текшерди

Жарандарды эң эле көп кызыктырганы былтыр октябрь айында пилоттук режимде ишке кирген Carcheck сервиси болду.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. 2019-жылы Кыргызстанда электрондук кызматтарды (portal.srs.kg порталы аркылуу) пайдалангандардын саны 2,5 миллиондон ашты. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Электрондук кызматтардын ичинен жарандарды эң эле көп кызыктырганы - былтыр октябрь айында пилоттук режимде ишке кирген Carcheck сервиси болду. Бул кызматты үч айда эле 1 миллион 275 миң 388 жолу пайдаланышкан. Carcheck автоунаа күрөөдө турган-турбаганын, жол эрежесинин бузулушу боюнча айып пулдардын суммасын, мурдагы кожоюндары жана айрым учурда техникалык мүнөздөмөлөрү тууралуу маалымат берет.

Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргогон орган түзөт
Андан кийинки сапта жол эрежелерин бузуу боюнча салынган айып пулдарды көрсөткөн сервис турат. Бул жактан автоунаа ээлери "Коопсуз шаардын" камераларына тартылып калган эреже бузууларды текшерет. Кыргызстандыктар айып пул текшерүү кызматын 1 миллион 104 миң 128 ирет колдонушкан.

Мындан сырткары, электрондук кызматтар аркылуу никеге катталуу боюнча 33, жашаган жерине каттоого турууга 21, чет өлкөлүк жаранды убактылуу жашоо үчүн каттатууга 26 арыз берилген.

Бүгүнкү күндө Электрондук кызматтар порталынан 30дан ашуун мамлекеттик кызматты колдонууга болот.