Ат-Башынын айылында "Тазалык" иштей баштады. Сүрөттөр

Ишкананын эсебинде бүгүнкү күндө эки техника бар. Бири - арабасы менен трактор, экинчиси - жол курулуштарына колдонулган оор техника.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылында "Тазалык" муниципалдык ишканасы ачылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган айыл өкмөтүнүн өкүлү Руслан Дөкөев билдирди.

Анын айтымында, ишкананын эсебинде бүгүнкү күндө эки техника бар. Бири арабасы менен трактор, экинчиси жол курулуштарына колдонулган оор техника.

"МТЗ92 үлгүсүндөгү арабасы менен трактор долбоордун негизинде кайтарымсыз грант менен келди. Ал эми жол курулуштарына колдонулган оор техника айыл өкмөттүн бюджетинин эсебинен алынды. Трактор ар жума сайын Казыбек жана Жаңы-Күч айылдарындагы таштандыларды чогултуп алып кетип турат", — деди Дөкөев.
Ат-Башынын айылында "Тазалык" иштей баштады. Сүрөттөр

Ишканага төрт жумушчу орду бөлүнгөн. Кийинчерээк дагы эки орун кошулары айтылды.