Баткенде чек ара көйгөйүнөн улам уюштурулган митинг өтүүдө. Сүрөттөр

10-январга караган түнү чек арага жакын аймакта тажикстандыктар эки кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып талкаланган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиционерлерге тажик тарап ок чыгарганы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Баткен шаарында жергиликтүү тургундар митингге чыгышты.

Жергиликтүү кабарчынын маалыматына ылайык, ушул тапта 100дөн ашуун киши чогулуп турат. Алардын Баткен районунун Ак-Сай, Самаркандек айыл өкмөттөрүнүн жашоочулары экени айтылды.

Чогулгандар акыркы мезгилдердеги кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жана чек арадагы чагымчыл аракеттерге шектелип кармалган төрт жергиликтүү жашоочунун камактан бошотулуусун талап кылып жатышат.

Митингге чогулган эл менен өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов баш болгон бир катар жетекчилер жолугуп, талаптарды укту.

"Элдин талабын тиешелүү жакка жеткиребиз, бардыгы мыйзам негизинде гана каралат. Чагымчылдыкка шектелип кармалган төрт жарандын ишин сот карап, сот гана чечим чыгарат", — деди Салихов.

Кыргыз-тажик чек арасындагы абал

Кыргызстан менен Тажикстан жер алмашууну пландап жатат. Протокол
Үстүбүздөгү жылдын 10-январына караган түнү чек арага жакын аймактарда тажикстандыктар эки кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып талкаланган. Бир турак жайга да таш ыргытышкан. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиционерлерге тажик тараптын ок чыгарганы айтылган.

Ал эми тажик тарап эки ортодогу чырга кыргызстандыктар күнөөлүү экенин айтып келет.

Кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ал эми 14-январь күнү вице-премьер Жеңиш Разаков баштаган КР делегациясы Исфара шаарында тажикстандык делегация менен жолугуп, протоколго кол коюлган.