Жумуш сунуштаган сайт бар. Министрликтин маалыматы

Эмгек министрлигинин сайты өткөн жылы түзүлгөн. Анын жардамы менен кыргызстандыктар өзүнө иш издей алышат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кыргызстандыктар үчүн бош вакансиялар жарыяланган сайт бар экенин эскертти.

Өткөн жылы "Занятость" порталы ачылган. Анда мамлекеттик, жеке жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү боюнча маалымат камтылган. Сайтка шилтеме http://zanyatost.kg/ аркылуу кирсеңиз болот.

Вакансияларды карап чыгуу үчүн "Бош жумуш орундарынын банкы" бөлүмүндөгү "Талап кылынат" деген жаңылыктар лентасына кирүү керек.