Кыргызстанга эгизинин паспорту менен кирген жаран кармалды

Кыргызстандык жаран Ошко Москвадан учуп келген. Ал жалпы жарандык паспортун көрсөткөндө чек арачылар шек жараткан белгилерди байкашкан.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын жараны өлкөнүн аймагына түгөйүнүн паспорту менен кирүүгө аракет жасаган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Москвадан келген 21 жаштагы жигит "Ош аэропортунан" кармалган. Ал чек арачыларга жалпы жарандык паспортун көрсөткөндө, кызматкерлер сүрөтүнөн айырмачылыктарды байкап калган.

"Сурак учурунда ал эгизинин паспортун алып жүргөнүн билдирди. Бир туугандардын келбети опокшош болгону менен бет түзүлүшүнөн айырмачылыктарды байкоого болот", — дешти Чек ара кызматынан.

Кармалган киши УКМКнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды.