Баткенде кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин талкуулап жатышат

Эки өлкөнүн чек араларды тактоо боюнча түзүлгөн өкмөттөр аралык комиссиясы да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын вице-премьери Жеңиш Разаков тажикстандык кесиптеши Азим Иброгим менен Тажикстандын Исфара районуна караштуу Гүлистан шаарында жолугушуп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердигулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Баткенде кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин талкуулап жатышат

Аны айтымында, тараптар кыргыз-тажик чек арасында катталган акыркы окуяларды талкуулоо менен мындан ары чек арадагы элдин коопсуздугун камсыздоону күчөтүү, эл арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү макулдашты. Ошондой эле чек араны делимитациялоо ишин илгерилетүү зарылдыгын белгилешти. 

Баткенде кыргыз-тажик бийлик өкүлдөрү чек ара маселесин талкуулап жатышат
"Жыйынга Баткен жана Согду облустарынын башчылары да катышып жатат. Алар чек ара боюнча чыр-чатактарга себеп болгон маселелердин үстүндө биргелешип иштөө, жергиликтүү жашоочулардын арасында ынтымакты бекемдөө менен эки тараптуу кызматташууну жандантуу жаатында сүйлөшүп жатышат", — деди Бердигулова.

Эмомали Рахмон Тажикстандын Кыргызстандагы элчисин алмаштырды
Ал ошондой эле эки өлкөнүн чек араларды тактоо боюнча түзүлгөн өкмөттөр аралык комиссиясы да жолугушуу өткөрүп жатканын кошумчалады.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 10-январына караган түнү чек арага жакын аймактарда тажикстандыктар эки кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып талкаланган. Бир турак жайга да таш ыргытышкан. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиционерлерге тажик тарап ок чыгарганы айтылган.

Кырдаалды жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшкөн.