UFC президенти ууру менен мушташа кеткен сатуучу аялга иш сунуштады. Видео

Эркек киши буга чейин деле ошол дүкөндү карактап жүргөн. Бирок Саммер күзөткө турган күнү иши оңунан чыкпай калган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. UFC уюмунун президенти Дана Уайт дүкөнгө кирип келген ууру менен алышып, бирок ишинен айрылып калган Гавайи аралынын жашоочусу Саммер Тапаса-Сатаракага иш сунуштады.

Окуя былтыр декабрь айында BestBuy аталышындагы электроника дүкөнүндө болгон. Видеодон сатуучу аял товар уурдамакчы болгон кишини түрткүлөп, кармаша кеткенин көрүүгө болот. Кийинчерээк аял компаниянын эрежелерин бузду деп иштен айдалган.

"Бул Саммер Тапаса-Сатарака. Ал ууруга тоскоолдук жаратты эле, бирок жумуштан кетирип салышкан. Ушул дем алыш күндөрү ага учуп барып, Макгрегор менен Ковбойдун беттешинин билетин белекке берем. Ал менде иштешин каалайм! Саммер, жашоодогу эң эсте калган дем алышка даярдана бериңиз", — деп жазган Уайт.

Дүкөндөгү сатуучу менен уурунун мушташы интернетке желдей тараган. Ууру кесипкөй суммоист болуп чыкты. Ал буга чейин ошол эле дүкөндө уурулук кылган, бирок Саммердин күзөтүндө иши оңунан чыкпай калган.