2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу жарыяланды

Мамлекеттик каттоо кызматы транспорт каражаттарын сатып алууда же сатууда келишимди "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоого чакырат.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь айынан тартып, 2020-жылга карата транспорт каражаттарын каттоодо жана кайра каттоодо колдонулуучу үч жана 0,3 пайыздык жаңы тарифтик торчо күчүнө кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Билдирмеге караганда, транспортту биринчи жолу каттоодо алынуучу жыйым, бекитилген торчо менен 5 пайызды түзсө, кайра каттоодо 0,3 пайыз көрсөткүчтү түзөт. 

2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу жарыяланды

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 3-июлунан тартып Кыргызстандын өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-июнундагы №302 токтомунун негизинде, кайра каттоодо алынуучу жыйым бир пайыз көрсөткүчтөн 0,3 пайызга төмөндөгөн. 

2020-жылы транспорт каражаттарын баалоо тарифтик торчосу жарыяланды
"2020-жылга карата бекитилген жаңы тарифтик торчодо транспорт каражаттарын алгачкы каттоодо жана кайра каттоодо жыйымдардын наркы 2019-жылдын деңгээлинде калды", — деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик каттоо кызматы транспорт каражаттарын сатып алууда же сатууда келишимди "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмдөрүндө каттоого чакырат. Себеби унаага ишеним каттын негизинде ээлик кылуунун айынан келип чыккан ар кандай жагдайлардан арыласыз.