Электрондук эсеп-фактураларды өткөн жылдын декабрь айында 43 компания колдонуп жаткан болсо, учурда алардын саны 503кө жетти. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо жана мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып маалымдады.
Анын айтымында, учурда электрондоштуруу жаатында салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу боюнча ири долбоор иштеп жатат.
"Өткөн жылдын 1-июлунан тартып кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар милдеттүү негизде электрондук түрдө отчетторду берүүгө өтүшкөн. Анын алкагында электрондук кол тамганы колдонуу ишке ашырылган. Мындан тышкары, электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча сынамык долбоор иштеп жатат. Бул долбоорго декабрда 43 компания кошулган болсо, январь айында алардын саны 503кө жетти. Анткени 2020-жылдын 1-апрелинен тартып бардык кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар милдеттүү негизде электрондук эсеп-фактураларды колдоно башташат. Учурда бул багытта системалык кемчиликтерди оңдоп-түзөп жатабыз. Ошондой эле 2020-жылдын 1-июлунан тартып бардык май куюучу станциялар электрондоштурулат. Башкача айтканда, аталган станциялар атайын электрондук программаларды киргизүүгө милдеттүү. Аталган программа контрафактылык май колдонууга бөгөт коет деген ойдобуз", — деди Сазыков.
Ал электрондук кызматтар борбор калаада эле жеткиликтүү болбостон, аймактарда дагы жолго салынгандыгын кошумчалады.