Россияда мобилдик байланыш кымбаттоодо

Аналитикалык агенттиктердин маалыматына караганда, 2020-жылы Россиядагы мобилдик операторлор бул жааттагы байланышты 17-18 пайызга кымбаттатышы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россияда мобилдик байланыш боюнча операторлор тарифтерди жогорулатып жаткандыгын РИА Новости жазды.

"Мегафон" мобилдик оператору архивдик тарифтерин 13-январдан, "Вымпелком" (Beeline соода маркасы) 16-январдан тарта көтөрөт. Мындай маалыматтар абоненттерге декабрдын аягынан тарта келе баштаган.

Кыргызстанда бир жыл ичинде кымбаттаган 10 товар. Тизме
"Мегафондун" маалымат кызматы компания мурдагы тарифтерин колдонгон абоненттеринин саны өскөндүгүнө байланыштуу кайра карап чыккандыгын айтты.

"Вымпелком" мыйзамдарды ишке ашыруу жана инфраструктураны тез арада өнүктүрүү үчүн мурдагы тарифтерин жогорулатууга аргасыз болуп жаткандыгын билдирген.

МТС компаниясы быйыл байланыш акысын көбөйтүү планы боюнча комментарий берген жок. Tele2 да жооп айта элек.

TelecomDaily маалыматтык-аналитикалык агенттигинин башкы директору Денис Кусковдун маалыматына караганда, абоненттердин 70 пайызы тарифтик пландын пакетинде.

"Архивдик тарифтердин жогорулашына келсек, азыр бардык операторлор абоненттерин кызмат көрсөткөн пакеттерге өткөрүп жатат. Анын ичине операторго жана өлкөгө жалпысынан түшө турган акчаны көбөйтүүгө багытталган, баага мүнөздөмө берген менен интернет, добуш, смс кызматтары бар. Менин пикиримде, бул абоненттердин чейрек бөлүгүнө таасирин тийгизет", — деди ал.

Content Review аналитикалык агенттиги буга чейин операторлор 2020-жылдын ичинде көрсөткөн кызматтарына тарифти жогорулатарын билдирген. Муну алар "Яровая пакетинин" жана Рунеттин туруктуулугу боюнча мыйзамдын талаптарын аткарууга кеткен чыгымдарды жабуу менен шартташкан дешти. Content Review агенттигинин божомолу боюнча, 2020-жылы Россиядагы мобилдик байланыш 17-18 пайызга кымбатташы мүмкүн.