Кубат алат. Мээнин жакшы көргөн 5 азыгы айтылды

Мээ жүрөк үчүн пайдалуу, кан басымды түшүрүп, кан тамырларды коргоочу тамак-аштын баарын жакшы көрөт. Бирок тандоо зарыл.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Майлуу балык, көк-сак, мөмөнүн түрлөрү, чай менен кофе, жаңгак мээнин иштешин жана эс тутумду жакшыртат. Бул тууралуу окумуштуулардын пикирине таянуу менен РИА Новости жазды.

Гарварддын Медицина мектебинин илимпоздору мээ жүрөк үчүн пайдалуу, кан басымды түшүрүп, кан тамырларды коргоочу тамак-аштын баарын жакшы көрөрүн айтышкан. Бирок тандоо зарыл. Мисалы, окумуштуулар маргариндин ордуна зайтун же зыгыр майын колдонууга кеңеш беришет.

Окумуштуулар баш жазууга жардам берген азыктарды атады
Ошол эле майлуу балыктын курамындагы омега-3 жана омега-6 да мээ үчүн абдан керек. Булардын тартыштыгы мээ чалдыкчу Альцгеймер оорусу башында турган бир топ илдеттерди шарттайт.

Капуста, шпинат, брокколи, ар кандай көк-сактардын курамында когнитивдүү функциялардын төмөндөшүн жайлаткан К тобундагы витаминдер, лютеиндер, фолий кислотасы, бета-керотин бар.

Мөмөлөр да эс тутумду жакшыртуучу флавоноиддерге бай.

Чай менен кофенин курамындагы айрым заттар акыл-эске пайдалуу.

Жаңгактар белокко жана пайдалуу майга бай, булар эске тутууну өз калыбында кармап жүрүүгө жардам берет.