Мансурова Наргиза Аскаровна — өмүр баяны

Наргиза Мансурова 1980-жылы 5-майда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туулган.
Sputnik

Билими жогорку. 2002-жылы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Иш тажрыйбасы:

  • 2003 — Кыргыз телерадиоберүү компаниясында балдар программасынын редактору;
  • 2006-2009 — "Кылмыш жана жаза" гезитинин жооптуу редактору;
  • 2009-2010 — "АКИпресс" маалымат агенттигинин кабарчысы;
  • 2010-2013 — "АКИпресс" агенттигиндеги "Баракелде" маалыматтык порталынын башкы редактору;
  • 2013-2014 — КР президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн эксперти;
  • 2014-2016 — "Эркин Тоо" мамлекеттик гезитинин башкы редактору;
  • 2016-2017 — Жогорку Кеңеште консультант;
  • 2018-2019 — Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн ЖМК менен байланыш жана ыкчам маалымат секторунун жетекчиси;
  • 2019-2020 — Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары;
  • 2020-жылдын 13-январынан тарта Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси.

"Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси" класстык чини бар.