Мен өрттөнсөм болмок! Иран генералы Украинанын кыйраган учагы үчүн кечирим сурады

Эки күн мурун Ирандын асман чабуулунан коргонуу (АЧК) системасы Украинанын учагын Американын канаттуу ракетасы деп жаңылып атып алганын моюндаган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Ислам революциясын коргоочулар корпусунун (ИРКК) командири Хосейн Салами Тегеранда атып түшүрүлгөн Украинанын учагы үчүн кечирим сурады. Бул туурасында РИА Новости ISNA агенттигине шилтеме берип жазды.

Салами Иран парламентинде сөз сүйлөп жатып катачылыктын айынан авиалайнер кырсыкка учараганын билдирген.

"Жашоодо мынчалык эч качан уят болгон эмесмин. Кетирген катабыздан улам көптөгөн мекендешибизден айрылдык. Бирок биз кырсыкты атайылап жасаган жокпуз, кечирим сурайбыз", — деген ал.

Иран Украинанын учагын кандайча атып алганын түшүндүрдү
CNN телеканалынын жазышынча, Иран генералы "Андан көрө бортто өзүм эле болуп, өрттөнүп кетсем болмок экен. Кудай өзү кечирсин, иран эли менен каза болгондордун жакындары да кечирсе экен" деп айткан.

Эске салсак, 11-январда Иран Украина учагын кокусунан атып түшүрүп алганын мойнуна алган. Украина президенти Владимир Зеленский бул боюнча жооп кайтарып, өз талаптарын койгон. Ошол эле күнү Ирандын асман чабуулунан коргонуу (АЧК) системасы Украинанын учагын АКШнын канаттуу ракетасы деп жаңылып атып алганын түшүндүргөн.

Тегеранда кулаган учак

2020-жылдын 8-январында эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле кулаган.

Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.