Димаш Кытайда дагы бир ирет "Жылдын мыкты ырчысы" сыйлыгын алды

Сыйлык тапшыруу аземи 11-январда Пинъяо шаарында өтүп, Азиянын көрүнүктүү маданият ишмерлери сыйланган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Казакстандык ырчы Димаш Кудайберген Кытайда JSTYLE Exquisite Annual Awards 2019 сыйлоо аземинде "Жылдын мыкты ырчысы" номинациясын алды. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Димаш өзү дагы Instagram баракчасы аркылуу алган сыйлыгы тууралуу маалымат менен бөлүшкөн.

"Мен "Жылдын мыкты ырчысы" сыйлыгына ээ болдум. Рахмат, менин кымбаттууларым, сиздерди жакшы көрөм", — деп жазган ырчы.
Сыйлык тапшыруу аземи 11-январда Шаньси провинциясындагы Пинъяо шаарында өтүп, Азиянын көрүнүктүү маданият ишмерлери сыйланган.

Пинъяо — Кытайдагы Мин жана Цин династиясынан берки тарыхый-архитектуралык өң-келбетин сактап келе жаткан жападан жалгыз калаа.