Депутаттын пара менен кармалган иниси тергөө абагына киргизилди

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтагы борбордун жетекчиси Бактияр Төлөнов 800 доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун иниси Бактияр Төлөновду Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына киргизишти.

Биринчи Май райондук соттун маалымат кызматы Sputnik Кыргызстанга Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын Маалыматтык жана кеңеш берүү борборунун директору Бахтияр Төлөновдун 2020-жылдын 9-мартына чейин тергөө абагында кала тургандыгын айтышты.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз бөлүмү Төлөновдун кармалгандыгын билдирген. Ал 800 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Аткаминердин Жогорку Кеңештеги бир тууганы Данияр Төлөнов Sputnik агенттигинин кабарчысына бул тууралуу укпаганын айтып, телефонду коюп койгон эле.

Финансы полициясы бул факты боюнча тергөө уланып жаткандыгын жана анын чоо-жайын кийинчерээк кабарлай тургандыгын айтты.

Белгилей кетсек, Төлөнов Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") боюнча күнөөлөнүүдө.