Жети өлкө БУУнун Башкы ассамблеясында добуш берүү укугунан ажыратылды

Жети өлкөнүн ичинен Венесуэланын карызы салыштырмалуу көбөйүп кеткен. Абалдан чыгыш үчүн Каракас 21 миллион доллардан ашык каражат төлөшү керек.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) мүчө мамлекеттердин ичинен жетөө Башкы Ассамблеяда төлөм акчаларын төкпөгөнү үчүн добуш берүү укугунан ажыратылды. Бул туурасында аталган уюмдун сайтында жазылып турат.

Венесуэла, Гамбия, Йемен, Лесото, Ливан, Тонго жана Борбордук Африка Республикасынын өкүлдөрү акыркы эки жылдан берки карызы топтолуп кеткендиктен Башкы ассамблеянын добуш берүү процесстерине катыша албайт. Мындай кадам туурасында БУУнун Уставынын 19-беренесинде айтылган.

Былтыр Кыргызстан мамлекеттик карызына канча сом төктү. Министрликтин жообу
Бул мамлекеттердин ичинен Венесуэланын карызы арбын экени кабарланды. Абалдан чыгыш үчүн Каракас 21 миллион доллардан ашык каражат төлөшү керек.

Тизмеде Комор аралдары, Сомали, Сан-Томе жана Принсипи бар. Анткен менен БУУ аларды 74-сессиянын аягына чейин катышуусуна уруксат берген.

РИА Новостиге БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хак Башкы ассамблеянын келерки жыйынына чейин каражатты төлөсө карыз болгондор добуш берүү укугун сактап каларын айткан.

Эске салсак, 2015-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Кыргызстанды кошкондо жети өлкөнү мүчөлүк акы төлөбөгөндүгү үчүн добуш берүү укугунан ажыраткан. Көп өтпөй Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун бюджетине 54 миң 271 доллар которгон.