ЖК депутатынын пара менен кармалган инисинин инфаркт болгону кабарланды

Өткөн аптанын жума күнүндө Финансы полициясына Миграция боюнча мамлекеттик кызматтын маалымат жана кеңеш берүүчү борборунун жетекчиси үчүн Тез жардам кызматы келген.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Данияр Төлөновдун бир тууганы Бактияр Төлөнов инфаркт болду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматындагы (Финансы полициясы) маалымат булак билдирди.

9-январда аталган кызматтан анын 800 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөндүгүн айтышкан.

"Кечинде Финансы полициясына Бактияр Төлөнов үчүн тез жардам автоунаасы келгендигин айтышты", — деп билдирди ал.

Миграция боюнча мамлекеттик кызматтагы борбордун жетекчиси Бактияр Төлөнов 2020-жылдын 9-мартына чейин Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагында кармалып турмакчы. Бул чечимди Биринчи май райондук соту чыгарган.