Үч жүргүнчү көз жумган Россиядагы жол кырсыктан кыргызстандык жабыркады

Москва — Астрахань багытында кырсыктан беш киши жабыркаган, учурда алардын абалы оор экени айтылды. Эки адамга операция шашылыш жасалган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Россияда адамдар каза болгон жол кырсыгынан кыргызстандык киши жабыркады. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядага элчилигинен кабарлашты.

Азырынча анын ким экендиги такталууда.

Автоунаа күйүп кетип, 4 кыргызстандык каза тапты. Россиядагы үрөй учурган кырсык
Буга чейин Sputnik радиосу 12-январда болжол менен саат 05:30дар чамасында Рязань облусунун Москва — Астрахань багытында LADA Largus менен Hyundai Solaris кагышкандыгын кабарлаган.

Жергиликтүү аймактык оорукананын жетекчиси Сергей Кузьминов автокырсыктан үч адам каза тапкандыгын, беш киши жарадар болуп, алардын экөөсүнө операция жасалгандыгын билдирди.