20 миң сомго ким иштейт? Аткезчилик менен күрөшүү боюнча Абылгазиевдин пикири

Өкмөт башчы Салык кызматы жана бажыдагы коррупциялык иштерге бөгөт коюунун жол-жобосун талкуулаган жыйын өткөрдү.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев аткезчилик менен күрөшкөн кызматкерлерди каржылык жактан шыктандыруу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал Салык жана бажылык процедураларды санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Болот Жунусов Салык кызматынын инфраструктуралык долбоорлорун каржылоодо дайыма маселе жараларын билдирди.

"Биздин көз карашыбызда Салык кызматы өзү аныктаган мыйзамсыз финансылык иштерден мамлекетке өндүрүлгөн каражаттын кайсы бир бөлүгүн алып турса туруктуу киреше булагы болуп калмак", — деди Жунусов.

Абылгазиевдин кабинетине бажыдагы ишти онлайн көрсөткөн монитор коюлду. Сүрөт
Премьер-министр мындай сунушка макул болуп, кайсы документтерге өзгөртүү киргизүү керектигин тактоого тапшырма берди.

"Аткезчилик менен күрөшкөн кызматкерлерди сөзсүз түрдө шыктандырышыбыз керек. 20 миң сомго ким иштейт?" — деп суроо салды Абылгазиев.

Белгилей кетсек, бүгүн координациялык кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү.